jump to https://bit.ly/2YXP4q5

 

Борбор Азиядагы Америка Университетинде "Кыргызстанда туруктуу туризмди өнүктүрүү: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр" аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Форум чет өлкөдөн келген коноктордун катышуусунда, "USAID" уюмунун "Келечекти бирге куралы!" долбоорунун алкагында Борбор Азиядагы Америка университети жана Гренобылдагы Альпы университети менен биргеликте уюшулган.

Жыйындын катышуучулары туризм тармагын өнүктурүү экономиканын алда канча алдыга жылышына салымын кошорун баса белгилешти. Кыргызстан кооз жерлерге бай болгондуктан, чет өлкөлүк туристтердин санын көбөйтүүгө болот. Бул өлкөнүн бир канча деңгээлде өнүгүшүнө, жумуш орундарынын көбөйүшунө алып келет. Жалпы туризмге көңүл буруу региондордогу шарттарды жакшыртууга алып келээри белгиленди.

Көпчүлүк өлкөлөрдө туризмден түшкөн каражат киришененин маанилүү бөлүгүн ээлейт. Кыргызстан бул тармакты өнүктүрүү менен чоң ийгиликтерге жетише алат. Өлкө чет өлкөлүк тажрыйбалуу адистердин кеңешине муктаж экени да талашсыз. Алар Кыргызстанды көрүүгө кызыккан чет өлкөлүк жарандардын саны жылдан-жылга көбөйүп жатканын айтышат. Өткөн жылы өлкөгө кирген алардын саны 7 миллионго жакындаса, быйыл 7,5 миллонго жакын келиши күтүүлүдө.
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter