jump to https://bit.ly/2YXP4q5

Өлкөбүздө өнүккөн спорттун түрлөрүнүн катарын дзюдо толуктайт. Жыл сайын бул спорттун түрү боюнча эл аралык оюндарда, азия оюндарында ийгилик жараткандардын саны арбып келет. Кечээ, 5-июль күнү Кыргызстандын 7 облусунан дзюдо федерациясынын жамааты чогулуп, атайын жыйын өткөрүштү. Анда алдыдагы пландар, жүргүзүлүп жаткан иштер, жетишкендиктер талкууланды.


Айта кетсек, 2019-жылдын 4-июль күнү дзюдо федерациясынын башчысы Жолдошбек Көлбаев Япониянын Хамура шаарынын мэри Намики Шин менен биргеликте кызматташуу келишимине кол коюшкан. Ага ылайык, кыргыз дзюдочулары Японияда машыгууларды өткөрүшөт. Федерациядан белгилешкендей, машыгуулар 5-августтан 23-августка чейин дүйнө чемпионатына даярдык катары өткөрүлөт. Бул спортчулардын тажырыйба топтоосуна эң жакшы мүмкүнчүлүк.


Учурда дзюдо тармагы облустардын борборлорунда эле эмес, айыл жергелеринде да кеңири жайылууда. Жаш дзюдочулардын катарын күн санап толуктагандар да эмес. Өзгөчө спорттун бул түрү бир гана күчтү, жөндөмдүүлүктү арттырбастан, билимди өөрчүтүүгө да жардам берет. Ошол себептүү көпчүлүк ата-энелер балдары үчүн дал ушул тармакты тандашат.


Жыйын соңунда кызматкерлер өз сунуштарын айтып, жакында эле Дзюдо боюнча Азия союзуна вице-президенттикке шайланган Жолдошбек Көлбаевди куттуктап, ыраазычылыктарын билдиришти.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter