jump to https://bit.ly/2YXP4q5

2-июль күнү Бишкектен Аксыга бараткан "Фит" жеңил унаасы 3 адамы менен кечки саат 20:00 чамасында Токтогул районунун Чычкан капчыгайында, Бишкек-Ош жолунун 270-чакырымында кырсыкка учурап, сууга кулап түшкөн. Алардын сууга кулаган учурун эч ким көрбөй калгандыктан эч ким издеген эмес. Бирок, ошол эле күнү кырсык болгон жерден 10 чакырымдай ылдый балыкчылар суудан бир жансыз денени таап алышып, милиция чакырышкан.

 

Милиция ал сөөктү Токтогулга алып кетип, анын өздүгүн тактоо аракетин баштаган. Эртеси, 3-июлда ошол эле кырсык болгон жерде (270-чакырым) дагы бир автоунаа сууга түшүп кетип, аны куткарганы барган куткаруучулар жээктеги дарактын жанынан бир белгисиз машинанын бамперинин сыныгы менен жаңы мамлекеттик номерди таап алышат. Ал номерди МАИ системасы аркылуу издешкенде 30-июнь күнү Бишкектин автобазарынан сатып алып, жаңы ээсине катталган "Фит" машинасы болуп чыгат. Ал маалыматтар менен иликтеп, машина Аксы районунун тургунуна катталганы такталып, 2-июлда табылган жансыз дененин сүрөттөрү WhatsApp аркылуу Аксыга жөнөтүлөт.

 

Ал эми 5-июль күнү куткаруучулар суудан талкаланган "Фит" машинасын таап чыгышкан. Табылбай жаткан эки жигиттин сөөгү азыркыга чейин изделүүдө. Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучуларынан сырткары 80ге жакын Аксылыктар катышып жатат.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter