jump to https://bit.ly/2YXP4q5

Сузак районунда 11 жаштагы баланын денеси өз үйүндө бычакталган абалда табылды. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Кечээ, 8-июль күнү болжол менен саат 18:30 чамасында Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сузактын Каңды айылында окуучу баланын бычакталган денеси табылгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Ыкчам топ окуя болгон дарекке барганда бөлмөдөн мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 5-класстын окуучусунун денеси табылган. Ошол эле үйдүн башка бөлмөсүнөн «Мен сенден балаң аркылуу өчүмдү алдым» деген кат, короонун ичиндеги дааратканадан аялдын жана эркек кишинин кан болгон кийимдери, бычак табылган.

 

Буга чейин маркумдун бир тууган эжеси да шектүү катары сурак берип жатканы айтылган. 

 

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын башчысы Нурдин Жээнтаевдин билдиришинче 2005-жылы туулган маркумдун бир тууган эжеси инисин өлтүргөнүн мойнуна алган.

 

"Тийешелүү кызматкерлердин, тактап айтканда педагог, психолог жана жактоочулардын катышуусунда видео сурак жургүзгөн учурда анын эжеси үйүндө ойноп жатышып, болжол менен 15:00, 17:00 чамасында инисин столго отургузуп, буту-колун скотч менен байлап, атасынын кой сойгон бычагы менен денесине бир нече жолу сайып жиберген. Кыздын берген көрсөтмөсүнө караганда, канды көргөндөн кийинки аракеттерин билбейт",- деди ОИИБдин басма сөз кызматынын башчысы Нурдин Жээнтаев.

 

Топтолгон материалдардын негизинде аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киши өлтүрүү кылмышы болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жана тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter