jump to https://bit.ly/2YXP4q5
12 июля 2019, 17:27

Ноокатта аялынын кош бойлуу экенин уккан күйөөсү катуу сабап салган

 

Ноокатта аялынын кош бойлуу экенин уккан күйөөсү катуу сабап салган

 

Ош облусунун Ноокат районунун соту Каныбектин (аты өзгөртүлдү, К.у.К) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылганын Тurmush.kg жазып чыкты.

Каныбек 1994-жылы Ноокат районунда төрөлгөн, билими орто. Үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы. Убактылуу иштебейт, мурда соттолгон эмес.

Каныбек аялы Нуржан (аты өзгөртүлдү, С.Г.) менен бирге 2019-жылдын 16-майында болжол менен саат 10:30 чамасында Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Кызыл-Тейит айылында өзүнүн үлүш жеринде жүгөрү эгип жаткан. Ушул маалда аялы ага кубанычтуу кабарын, тактап айтканда кош бойлуу экенин билдирген. Бирок бул кабарды уккан Каныбек Нуржанды оозго алгыс жаман сөздөр менен сөгүп, 5-6 жолу уруп, денесине зыян келтирген.

Каныбек Жоруктар кодексинин 66-беренесинин 2-бөлүмү (ден соолуктун кыска убакытка бузулуусуна же эмгекке жарамдуулукту жоготууга алып келген) менен айыпталып, аялына соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында Нуржан денесине жеңил жаракат алгандыгы аныкталган.

Соттук отурумда айыпталуучу Каныбек күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, келтирилген зыянды төлөгөнүн, жабырлануучу Нуржан менен элдешкенин билдирди. Ошондой эле кылган ишине өкүнгөнүн айтып, ишти өндүрүштөн кыскартууну суранган.

Ал эми жабырлануучу айыпталуучуну кечирип, аны менен макулдашууга жетишкенин билдирди. Каныбекти жоопкерчиликтен бошотуп, ишти өндүрүштөн кыскартууну да суранган.

Жыйынтыгында сот Каныбекти жоопкерчиликтен бошотуп, ишти өндүрүштөн кыскартты.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter