jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
13 июля 2019, 09:10

Канатбек Исаев Атамбаевдин үйүнө улакчыларды ээрчитип барат деген маалымат тарады. Депутаттын жообу

 

Канатбек Исаев Атамбаевдин үйүнө улакчыларды ээрчитип барат деген маалымат тарады. Депутаттын жообу

 

"Кой-Таш айылында өтөт деген митингге менин тиешем жок" деген пикирин, "Супер инфо" гезитине Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев билдирди.

 

Анын айтымында, Атамбаевге каршы митинг тууралуу экс-президенттин тарапташтарынан укту. "Балким, көк бөрү оюнун бирөөлөр уюштуруп жаткандыр. Мен эч бир улакчы менен сүйлөшкөн жокмун", - деди Исаев.

 

Мындан тышкары экс-депутат Нариман Түлеев да Кой-Таштагы антимитингге тиешеси жок экенин "Супер инфого" билдирген. Ал буга чейин Атамбаевге каршы штаб түзүп, аны жетектөөгө даяр экенин билдирген.

 

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев эртең, 13-июлда "Канат Исаев Кой-Ташка улакчыларды ээрчитип барабы? Жаман ишти баштап жаткан жокпу?" деп жазып чыккан.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
2 комментария
  • Азаке
    Вот ты лиссаа канат
  • Марсель
    Тюлень и Канат могут на такое пойти! Но есть одно но! Этих двоих кроме их близкого круга никто не уважает Не смогли походу собрать никого! Черти позорные!

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter