jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
13 июля 2019, 12:47

Түркияда ок жеп каза болгон кыргыз жигиттин эжеси окуя тууралуу айтып берди

 

Түркияда ок жеп каза болгон кыргыз жигиттин эжеси окуя тууралуу айтып берди

 

Түркияда 7-июлда октон каза болгон кыргыз жараны Муктарбек И.нин бир тууган таежеси Мархабо Касимова окуя боюнча "Супер инфо" гезитине төмөндөгү маалыматтарды билдирген.

 

Анын айтымында, ал каза болгон Муктарбектин апасынын бир тууган эжеси. Мархабо айым учурда маркумдун сөөгүн ата-энеси жана бир туугандары Чоң-Алайда күтүп жатышканын айтты.

 

"Ал күнү Муктарбек менен түрк жарандарынын ортосунда пикир келишпестик болгон эмес. Муктарбекке бычак сайылган эмес. Мен ушуну баса белгилеп айтам. Муктарбек окуя болгон күнү эртең менен жумушка баруу үчүн үйүнөн чыгып аялдамада турган экен. Ошол убакта ары жактагы кафе-бардан 4 түрк жараны мас абалда чыгып, мушташа кетишкен. Биринин колунда бычак, бирөөндө тапанча болгон. Алар өз ара мушташып жатып, арасынан бирөө ок чыгарганда биздин балабызга келип тийген. Атылган ок Муктарбектин ичине кирип, моюнунан чыгып кетиптир. Бизге келген видеодо ал ок тиер замат моюнун колу менен баскан боюнча ары-бери чуркап, анан жыгылганын көрдүк. Анан ары жактан адамдар келип ага жардам көрсөтүшкөн. Негизгиси андан кан көп кетип калган экен.

Муктарбек 7 ай мурун үйлөнүп, Түркияга жубайы менен кеткенине 1 жарым ай болгон. Экөө эки башка мейманканада иштешчү. Жубайынын айтымында, Муктарбек жумушка жеткенде дайыма ага кабар берип турчу. Кырсык болгон күнү жубайына билдирүү келген эмес. Жубайы кабатыр болуп телефон чалганда, Муктарбек алган эмес. Арадан көп өтпөй полициядан чалышып, окуя болгон жерге тез келип калуусун айткан. Ал айтылган жерге барып жолдошунун каза болгонун көргөн.

Азыр жээнимди аткан делинген шектүү кармалды. Ал дагы өз көрсөтмөсүндө биздин баланы тааныбастыгын, атылган ок кокустан ага тийип калганын айтууда. Сиңдимдин 3 уул, 2 кызы бар. Өткөн жылы ушул уулун үйлөнтүп той берген эле.

Муктарбектин сөөгү учурда Аланиядан Стамбулга жиберилди. Анын жанында жубайы жана дагы бир тууганыбыз бар. 13-июлга караган түнү анын сөөгү Бишкекке келет. Андан кийин Ошко алып кетебиз. Ал эми Алайга эртең кечке маал жетип калабыз. Ошондо 14-июль күнү саат 9-10дор чамасында сөөгү жерге берилет", - деди Мархабо Касимова.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter