jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
13 июля 2019, 20:17

Райымбек Матраимовду жок жерден өзүбүз эле легендага айлантып алдыкпы?

Райымбек Матраимовду жок жерден өзүбүз эле легендага айлантып алдыкпы?

 

Азыркы кайсы гана жакка баш бакпайлы Раим Матраимов ысымды кезиктиребиз. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда аны анда-санда гезит беттеринен коруп журсок, кызматтан кетээр замат Атамбаев ынгайы келген да, келбеген да жерден бажынын торагасынын мурдагы орун басары тууралуу кеп кылып калганы баарына белгилуу. Кызыгы, экс-президент кызматта турганда эмес, кызматтан кеткенден кийин эки-сөзүнүн бири Раим болуп калганында.

Кыргыз саясатында, журналистикасында айрым учурда адамдарды ашыра мактоо же жок жерден түрдүү жомокторду токуп легендага айлантып салуу салты мурдатан бар. Ыраматылык Мелис Эшимканов азыркы саясатчылардын көбүн ручкасынын учу менен жаратканын өздөрү деле моюндашат.
Муну эскерип отурганыбыздын себеби, Раим Матраимовдун айланасындагы аягы жок сөздөр, легендалар чындыкпы же уук болсо устундай, чырпык болсо чынардай кылып көбүртүп-жабыртууга шыктуу кыргыз эли Раим Матраимовду ашыра эле легендага айлантып алдыбы?

Бажы кызматы эң кирешелүү кызмат экени эч кимге жашыруун эмес. Акаев, Бакиев мезгилинде да бажы тармагында иштегендер бардар жашаган, колунда бар адамдар болушкан. Бул көрүнүш Кыргызстанда эле эмес Борбор Азия, КМШ, дүйнө жүзүндө ушундай.

Раим Матраимов 1997-жылдан тарта катардагы бажы инспекторунан баштап бажы кызматынын төрага орун басарлыгына чейин жеткен. 20 жылдык эмгек тажрыйбасы бар адам үчүн бул кадимки көрүнүш.

Алмазбек Атамбаев жана Убактылуу Өкмөт бийликке келген 2010-жылы Раим Матраимов Ош бажысынын начальниги болуп 2013-жылга чейин иштеген. Азыр Алмазбек Атамбаев Кулматов бажыга келгенде бажы төлөмдөрүн бир нече эсеге көтөргөн деп мактанганды жакшы көрөт. Бирок, дал ошол Кулматов көтөргөн көрсөткүч Матраимов жетектеген Ош бажысынын эсебинен болгонун эмнеге айткысы келбейт?

Эми бажыдагы коррупция боюнча учкай кеп. Ооба, бажы кызматы Кыргызстанда гана эмес дүйнө жүзүндө эң коррупцияланышкан тармак экени талашсыз. Анын объективдүү да субъективдүү да себептери бар. Бирок, Алмазбек Атамбаевдин логикасы боюнча Раим Матраимов коррупционер ал эми бажы кызматы таптаза экен. Болбосо 2010-2013-жылы бажы кызматын Атамбаевдин көздөй адамы Кубанычбек Кулматов, 2013-2016-жылы дагы бир жакын адамы Адамкул Жунусов башкарып турбадыбы?

Раим Матраимов ал мезгилде жөн гана Ош бажысынын начальниги болуп, Атамбаев мактанып жаткан 2010-2013-жылдары бажы төлөмдөрү эселеп өскөн деген көрсөткүчтөрдү толтуруп турганын көпчүлүк жакшы билет.

Чындык ордунан турганча жалган жерди үч айланат дейт. Анын сыңары Алмазбек Атамбаев бийликтен кетерине бир күн калганда Раим Матраимовду кызматтан кетирип, андан соң оозунан түшүрбөй шыбап келди. Бирок, ар бир кыргыз жараны өзүнө жана Атамбаевге “Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Раим Матраимов сиз мамлекетти башкарган 6 жыл бою бажы кызматында иштеп, кызматтан көтөрүлгөнү да сиздин тушуңузда болбоду беле? Сиз айтып мактанып келген 2010-жылдан кийин бажы төлөмдөрдүн өсүүсүн Ош бажысын башкарган Матраимов камсыздап турбады беле?, Раим Матримов 2 жылдан бери кызматта эмес, бош жүрөт го” - деп суроо бере турган мезгил келип жетти көрүнөт.

Раим Матраимовго капыстан илешкен миллион деген лакаптан кийин анын байлыгы жөнүндө көбүртүлгөн, ойдон чыгарылган суммалар да айтыла калып жүрөт. Анын миллиондогон байлыгын таппай айрым учурда кадыр-барктуу ири бизнесмендердин, Кыргызстандагы уйгур-кыргыз соодагерлеринин акчасын да Матраимовдуку дегенге чейин жетишүүдө. Мисалы Азаттык радиосунун иликтөөсүндөгү Кыргызстандан которулган 700 миллион долларды Матраимовдуку дешүүдө. Жакында эле ring.kg сайты Кыргызстандан уйгур Саймаити акча которгон АКА деген комопаниялардын ээси Абдукадыр Хабибула Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 1,3 миллиард долларга бааланган Ташкент Сити деп аталган долбоорду баштаганын жазды. Демек, элдин бүйүрүн кызытып жаткан бул уйгур жарандары Матраимову жок эле өздөрү өтө бай адамдар экени далилденүүдө.
Албетте, уйгур жарандары Кытайдан товарларды алып өтүшөт, соода кылышат, бизнес менен алектенишет, Кыргызстандан тааныш-дос күтүшөт. Андыктан Ташкентте 1.3 миллиард долларлык Ташкент Сити долбоорун ишке ашырып жаткан уйгурлардын, Кыргызстанда бир эмес үч базардын соодасын ачык да көмүскө да жүргүзүп жаткан уйгурлардын акчасын Матраимовдорго байлай берүү Раим Матраимовдун персонасын ашыра, көбүртүү болуп жатканын айткыбыз келет.
Banner
2 комментария

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter