jump to https://bit.ly/2YXP4q5
18 июля 2019, 09:23

Санкт-Петербургда унаадан кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды

 

Санкт-Петербургда унаадан кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды

 

Санкт-Петербургда унаадан жансыз денеси табылган Кыргыз жаранынын денеси туугандарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 6-июль күнү "Модуль" соода борборунун унаа токтотуучу жайында токтоп турган унаанын ичинен азиат улутундагы белгисиз жарандын жансыз денеси табылган.

 

"Маркумдун денесин кароо учурунда жана тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы менен кыйноо белгилери табылган эмес. 10 күндөн кийин маркумдун Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын 1985-жылы туулган Т. И. аттуу тургуну экени аныкталган. Ал курулуш иштеринде иштеп келгени жана окуяга чейин 1 айдай убакыт жакындарына байланышка чыкпай калганы аныкталган. Тиешелүү документтер даярдалган соң ал кечээ "Жүк 200" менен Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter