jump to https://bit.ly/2YXP4q5
20 июля 2019, 14:36

Бузовага калпак жана чепкен эмнеге берилген? Уюштуруучулардын жообу

 

Бузовага калпак жана чепкен эмнеге берилген? Уюштуруучулардын жообу

 

Социалдык тармактарда орусиялык ырчы, алып баруучу Ольга Бузовага берилген белектер кызуу талкууга алынды. Жаңы ачылган көңүл ачуучу жайдын жетекчиси Бегимай Ольга Бузовага калпак, чепкен жаппаганын Super.kg порталына айтып берген.

 

"Лаунж бардын ачылышына карата уюштурулган концертке Ольга Бузованы чакырганбыз. Ал Бишкекке жалгыз эмес продюсери менен кошо келген. Концерттин аягында ырчыга кыргыздын улуттук саймасы түшүрүлгөн айымдардын кемселин кийгиздик. Ал эми ак калпак, чепкен жана камчыны анын продюсерине тартуулаганбыз", - деп билдиришти.

 

Кечээ, 19-июлда Бишкекке орусиялык ырчы жана алып баруучу Ольга Бузова келген. Ал борбордогу лаунж бардын ачылышына карата уюштурулган концертке атайын конок катары чакырылган.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter