jump to https://bit.ly/2YXP4q5

Бир катар курулуш компаниялар жана жеке инвесторлор Бишкек мэриясын жерлерди тартып алгандыгы боюнча күнөөлөп чыгышты. Кеп борбор калаадагы "Ала-Тоо" ресторанына жакын жерде жайгашкан 5 гектардан ашык жер тууралуу болуп жатат. Аталган жерлер курулуш компанияларга 2010-жылы, көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн берилген. Ошол убактан тарта Бишкек башкы архитектурасы, Бишкек суу канал жана мэриянын коммиссиясы ишкерлерге курулуш жүргүзүүгө макулдуктарын бербей келишет. Бирок, буга чейин алар жерлерди 49 жылга үйлөрдү үчүн өткөрүп берүүгө макул болушкан.

Көрсө, бул ишке прокуратура кийлигишкени белгилүү болду. Дал ушул орган гана мэриянын коммиссиясына куруучулардын келишими токтотулганы тууралуу жобону жиберет. Бизнес өз убагында ижарага акы төлөгөндүктөн, бул жерде эч кандай мыйзамдуу негиз жок. Ал эми прокуратуранын жерди туура эмес колдонуу тууралуу дооматтары, муниципиалдык органдардын ишмердүулүгүнө байланышкан.

"Ала-Тоо" ресторанынын жанындагы аймакка кызыккандар көп экени белгилүү. Курулуш компаниялар мыйзамдуу түрдө алган жерлери үчүн күрөшүүгө даяр. Прокуратура жана мэриянын кылган мындай мамилесинен улам инвесторлор Кыргызстандан кетүүгө аргасыз. Ишкерлерди кээ бир мамлекеттик органдар аларга каршы иштеп жатса, кызыкчылыгыбызды ким коргойт деген суроо ойлондурат.

Курулуш иштерин жүргүзбөөгө болгон себептердин бири аталган аймакка жакын жайгашкан мурунку ок сакталуучу кампа болушу мүмкүн. Анын акыркы жылдары кандай колдонулуп жатканыны тууралуу эч кимдин кабары жок. Учурда ал тарап башка объектилер менен толукталып жатат. Башта сөз болгон ошол эле "Ала-тоо" рестораны, чет элдик элчиликтер, үйлөр жадакалса бизнес-мектеп ошол аймакта бар. Ишкерлер аларга таандык жерлерге кимдир-бирөө көз артып калганын да божомолдошууда. Ошого карабастан, алар кандай гана жол менен болбосун мыйзамдуу түрдө өздөрүнө таандык жерди алууга аракет кылышаарын кошумчалашты.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter