jump to https://bit.ly/2YXP4q5

Кытайдын Тайбэе шаарында өткөн кадеттер арасындагы Азия жана Океания чемпионаты жыйынтыкталып, кыргыз курамасынын спортчулары Бишкекке кайтып келишти. Аларды "Манас" эл аралык аэропортунан Улуттук Дзюдо федерациясынын өкүлдөрү, спортчулардын жеке машыктыруучулары, жакындары жана күйөрмандар тосуп алышты.


Чемпионат 27-июль күнү старт алып, мелдештин биринчи күнүндө кыздар жана уландар арасында 8 комплектик медалдар ойнотулган.


Жалпысынан кыргыз дзюдочулары 2 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медалдарды багындырышкан. Чемпионатка катышкан 17 өлкөнүн ичинен турнирдин жыйынтыгы боюнча курама команда 4 орунду ээледи.


Спортчу Чынгыз Сагыналиев 60 кг салмакта күч сынашып, финалдык беттеште ирандык атаандашын 1 мүнөт 25 секундда жеңип, чемпион аталса.
Ханболот Ырысбеков 55 кг салмак категориясында жеңүүчү аталып, алтын медалга татыган.


Аталган турнирге Ислам Баялинов, Елена Исакова жана Сергей Кладнов аттуу машыктыруучулар жетектеген 12 спортчу катышып кайтты.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter