1 августа 2019, 14:20

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга келиши күтүлүп жатат

 

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга келиши күтүлүп жатат

 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Бул Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөт башчыларынын жолугушуусунда  Абдулла Арипов билдирди.

 

Ариповдун айтымында, Тышкы иштер министрликтер аркылуу даярдык иштери, иш сапардын графиги иштелип жатат. Тар чөйрөдөгү жолугушууда Абылгазиев эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгы жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын, бул өз кезегинде эки тараптуу мамилени бекемдөөгө өбөлгө болорун айтты.

 

Ал эми Арипов эки өлкөнү миң жылдык достук жана ынак кошуналык  мамиле бириктирип турганын белгилеп, көптөгөн каада-салттар окшоштугун, Эки өлкөнүн тарыхы бир экенин белгиледи.

 

Абдулла Арипов ошондой эле кыргыз-өзбек алакасынын жаңы – өз ара ишеним деңгээлине чыгышына мамлекеттин президенттеринин эмгеги зор экенин белгиледи.

 

Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга жасай турган расмий иш сапарынын күнү азырынча белгилене элек.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter