jump to https://bit.ly/2YXP4q5
6 августа 2019, 17:29

Кыргыз каада салтын чагылдырган көргөзмө (фото)

 

 

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин демилгесинде өткөрүлүп жаткан «Аскер оюндары - 2019» мелдешинин алкагында  кыргыз элинин   улуттук буюмдарынын көргөзмөлөрү өттүүдө. Бул иш-чара “Алабино” полигонунун Достук үйүндө жана Тюмень шаарында   өткөрүлүп,  көрсөтмөнү Кыргыз

Республикасынын  Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрү уюштурду. 

 

Көргөзмөдө башка өлкөлөрдүн өздүк курамдары үчүн улуттук оюндар жана концерттик программалар тартууланып, кыргыз меймандостугун даңазалаган улуттук дасторкон жайылды. Дасторконго улуттук даамдар, суусундуктар жана таттуулар конокторго тартууланды.  Ошондой эле кыргыздын мукам үндүү ырчыларынын аткаруусундагы ырлар, элдик күүлөр ойнолду. Иш-чарада тушоо кесүү салты көрсөтүлүп, чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү да катышты.

 

Анда  Өзбекстан жана Кытай Элдик Республикасынын өкүлдөрү жеңишке жетип белекке ээ болушту. Айта кетчүү нерсе, бул иш-чарага Роосия Федерациясындагы мекендештер, Тюмень шаарында жашаган кыргыз жарандары катышышып,  кыргыз жоокеринин моралдык духун көтөрүү максатында күйөрмандык кылышты.

 

Маалымат катары айта кетсек буга чейин Россия, Өзбекистан, Пакистан, Монголия, Кытай мамлекеттери да өздөрүнүн улуттук тамак-аштарын тартуулашкан. Алдыда Вьетнам жана Лаос мамлекеттеринин кечелери мерчемделген.

 

 

Кыргыз каада салтын чагылдырган көргөзмө (фото)


Кыргыз каада салтын чагылдырган көргөзмө (фото)


Кыргыз каада салтын чагылдырган көргөзмө (фото)


Кыргыз каада салтын чагылдырган көргөзмө (фото)


Кыргыз каада салтын чагылдырган көргөзмө (фото)


Кыргыз каада салтын чагылдырган көргөзмө (фото)


Кыргыз каада салтын чагылдырган көргөзмө (фото)

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter