jump to https://bit.ly/2YXP4q5
7 августа 2019, 18:26

Солтон-Сарыда алтын казган кытай компаниясы качан иштей баштары айтылды

Солтон-Сарыда алтын казган кытай компаниясы качан иштей баштары айтылды

 

 

Буга чейин аталган компаниянын иши убактылуу токтотулганы маалым болгон.

 

Кытайдын Zhong Ji Mining Company ишканасынын иши бир айга токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин аталган компаниянын иши убактылуу токтотулганы айтылган болчу.

 

Белгилей кетсек, 5-август күнү Zhong Ji Mining компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыгып, тараптар бири-бирин ташка алган. Натыйжада чатактан жабыркагандардын саны 40ка чамалап барган. 6-августта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган бир катар аткаминерлер Нарын облусуна барып, ошол аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугуп, чырлашкан эки тараптын тең жүйөлөрүн уккан. Жолугушууда чогулган эл бийликке талап коюп, өкмөт башчы менен спикер үч күндүн ичинде келип көйгөйдү жеринен чечип берүүсүн талап кылышкан.

 

6-август күнү кечинде Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратып, кыргыз өкмөтүнө бир катар талаптарды койгон.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter