jump to https://bit.ly/2YXP4q5
10 августа 2019, 16:49

Медиа эксперттер мүлкү камакка алынган "Апрель" телеканалы боюнча талаптарды койду

Медиа эксперттер мүлкү камакка алынган "Апрель" телеканалы боюнча талаптарды койду

 

 

Медиа коомчулугу бийликтин "Апрель" телеканалына карата жасаган аракетин сынга алды. Медиа эксперттер телаканалдын камакка алынган мүлкүн бошотуп, каналдын эфирге чыгуусун талап кылган билдирүү жасады. Ошондой эле алар 2017-жылы "Сентябрь" каналы дагы бийлик тарабынан жабылганын эске салышты.

 

“Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы 9-августта "Апрель" телеканалы жайгашкан "Форум" имаратын басып алып, телеканал ишин убактылуу токтотту. Ошондой эле бул имаратта иштеген башка массалык маалымат каражаттарынын ишинде кыйынчылыктар жаралды", - деп айтылат билдирүүдө.

Эксперттердин айтымында "Апрель" телеканалынын мүлкүн камакка алууга зарылчылык болгон эмес. Анткени шектүү камакта. Телеканалга мыйзам бузуу боюнча эч кандай айыптар коюлган эмес. Медиа коомчулугу өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдон бул абалга кайдыгер карабай туура чечим кабыл алуусун талап кылышууда.

 

"Саясий кризис учурунда “Апрель” телеканалы өлкөдөгү окуяларды чагылдырып келди. Телеканалдын мүлкүнүн камакка алынышы, ишинин убактылуу токтотулушу чектен ашкандык. Конституцияга ылайык, бардык чектөөлөр мыйзамда каралгандай болушу керек. Андыктан биз телеканалдын мүлкүн камакка алуу чараларын токтотууну талап кылабыз.

 

Бүгүнкү күндө биз мурдагы президентке карата соттун адилеттүү жана мыйзамдуу чечимин күтүп жатабыз. Мындай учурда өлкөдө эмне болуп жатканын чагылдыруу үчүн бир катар маалымат каражаттары керек. Анткени эл өлкөдө болуп жаткан окуяларга көз салып, өз баасын бериши мамлекет үчүн маанилүү. Массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги - ар бирибиз каалаган учурда каалаган басылмалардан жаңылыктарды окуп туруу дегенди билдирет. Дал ушул факт биздин өлкөнү өзгөчө кылып турган", - деп жазылган кайрылууда.

 

Жогорудагы кайрылуу катына Медиа институтунун өкүлдөрү, Медиа өнүктүрүү борбору, "Center Foundation", "Медиа консалт" фонду, "Интерньюс" уюму, "Журналисттер" коомдук бирикмеси жана Аделя Лаишева кол койгон.

9-августта "Апрель" телеканалы ишин убактылуу токтотконун маалымдады. Буга атайын даярдыктагы жоокерлердин "Форум" имаратын басып алып, кызматкерлердин чыгып кетүүсүн талап кылганы жана соттун чечими себеп болгон.

Banner
1 комментарий
  • эл
    эч кандай кайтаруунун кажети жок, бул пидораз канал 2жылдан бери коту каалаганындай иштеп келди, 2жылда элди болуп аша пидоразы куноолу болуп турса да аны актап жактагандан башкага жарабады дмитрий пидоразы мамлекеттке каяша айтып бийик тон колдонуп оз билемдик кылып отугун торго илип алды эн туура чечим, нахуй бул гнида бузуку эл болгу каналды кайра иштетип, котуно кирип кетсин канкор адам олтургуч терорист ашанын кот жалагычтары пиздес наглет этип кетишкен эле нахуй буларды аяштын кереги жок просто охуйели суки пидоразы апрел жамааты

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter