jump to https://bit.ly/2YXP4q5
16 августа 2019, 13:56

Жолдубаева: Бабанов биригүүгө кызыкдар болсо жок дебейбиз

 

Жолдубаева: Бабанов биригүүгө кызыкдар болсо жок дебейбиз

 

Бишкек шаардык соту бүгүн, 16-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын карап, 26-августка чейин чарасыз өзгөртүүсүз калтырды. Ага келген КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаевага журналисттер жакында эле чет өлкөдөн мекенге кайтып келген саясатчы Өмүрбек Бабанов тууралуу суроо узатышканы тууралу super.kg кабарлайт.

 

"Сиздер Өмүрбек Бабанов менен байланышкан жоксуздарбы?", - деген суроо узатылды.

 

"Жок, биз Бабанов менен байланышкан жокпуз. Балким Бабанов тарабынан биригүүгө кызыкдар экени айтылса, биз эмнеге жок демек элек. Себеби биз оппозициялык күчтөр биригели деп айтып эле келе жатабыз. Бирок мен ойлойм, Өмүрбек Бабанов бийлик менен сүйлөшпөй туруп келмек эмес. Ал азыркы бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана жакынкы убакта мамлекеттик негизги кызматка отурат деп ойлоп жатам. Бирок биз КСДП, бардык күчтөр үчүн ачыкпыз. Биз өлкөдө, саясий айдыңда тең салмак болушу үчүн керекпиз", - деди Жолдубаева.



Отправить новости WhatsApp News
Banner
3 комментария

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter