jump to https://bit.ly/2YXP4q5

Каракол шаарында Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы тарабынан Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногон жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирет.

 

Мирбек Атабековдун апасын тоногон башкы ууру кармалды (видео)

 

 

Мирбек Атабековдун апасын тоногон башкы ууру кармалды (видео)

 

Буга чейин белгилүү болгондой, Бишкек шаарында 6-майга караган түнү ырчынын апасынын үйүнө белгисиз адамдар бет капчан кирип, жалпы суммасы 60 миң долларды түзгөн акча каражатын жана зер буюмдарды алып кеткен.

 

"Бул факты боюнча "каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыштан кийин шектүү Ысык-Көл облусуна из жашырып кеткен. Шектүү 24 жаштагы Б.М. Караколдун кафелеринин биринде кармалган. Анын унаасын тинтүү учурунда далилдер табылган. Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды издөө жүрүп жатат" - деп билдирди.

 

Кылмышка шектүү Б.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

Эскерте кетсек, буга чейин милицияга арыз менен Д.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар үйүнө кирип, күч колдонуу менен тоноп кетишкенин билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам изилдөө тобу түзүлгөн.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter