jump to https://bit.ly/2YXP4q5

 

Жаңы окуу жылдын башталышы менен “Силк Роад”  Эл аралык мектеби билимге умтулган жаш жеткинчектердин дагы бир тобуна өз эшигин ачты. Мектепке ташталган алгачкы кадам жана билим майрамы эсте калаарлык өтүшү үчүн адаттагыдай эле, иш чарананын маанилүү коноктору  катары ата-энелер да катышышты. Майрамдык күн аталган мектепте билим алып жаткан окуучулардын ыр, бийлери менен коштолду.

 

“Силк Роад” мектебинде сабактар басым жасалган англис тилинде өткөрүлөт. Бул окуучулардын мектепти аяктаган соң, чет өлкөлүк окуу жайларга тапшырууга, бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөнүн каалаган бөлүгүндө иштөөсүнө шарт түзөт. Ар бир окуучуга дыкаат көңүл бурулуп, анын жөндөмүн өөрчүтүү да башкы орунда турат. Быйылкы жылдын эсебинен 20 чет өлкөлүк мугалим мектепке иштөө үчүн алынган.

 

Албетте, ар бир ата-эне баласынын жогорку билимдүү адис болушун каалайт. Бирок, учурда жаш жеткинчектердин көңүлүн билимге буруу алар үчүн оңойго турбай келет. Бүгүнкү иш чарага катышып жаткан ата-энелер аларда бул көйгөй жокко эсе экенин айтышат. Балдар күн сайын жаңы нерселерди үйрөнүп, мектепке барууга шашып турарын билдиришти.

 

Балдардын келечегинин кең болушу – алган билимине көз каранды. Андыктан, аларга туура жол көрсөтүп, билим уясын тандоо ата-энелердин милдети экенин унутпашыбыз керек. Ал эми “Силк Роад” мектеби ар бир окуучунун сапаттуу билим алышына өбөлгө түзүп берет.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter