jump to https://bit.ly/2YXP4q5
10 сентября 2019, 15:02

Бажы кызматы эркин кампанын ээси катары иш жүргүзүүгө кызыкдар жактарга анын тартиби жана шарттары тууралуу маалымдайт

 

Бажы кызматы эркин кампанын ээси катары иш жүргүзүүгө кызыкдар жактарга анын тартиби жана шарттары тууралуу маалымдайт

 

МБК Кыргыз Республикасында ири өндүрүш ишканалары эркин кампа бажы жол-жобосун колдонууну кеңейтүү максатында эркин кампанын ээси катары иш жүргүзүүгө кызыкдар ата мекендик юридикалык жактарды киргизүү тартибин жана шарттарын камтыган маалыматтар менен коомчулукту маалымдоо зарыл деп эсептейт.     

   

Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 211-беренесинин 1-пунктуна ылайык эркин кампа бажы жол-жобосу – чет өлкөлүк товарларга жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларына карата колдонулуучу жол-жобо, бул жол-жобого ылайык  мындай товарлар бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөбөстөн, товарларды ушул бажы жол-жобосуна жайгаштыруу шарттарын сактаган учурда жана аларды мындай бажы жол-жобосуна ылайык колдонууда  эркин кампада жайгаштырылат жана колдонулат.  

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.08.2015-жылдагы № 563 токтому менен бекитилген Эркин кампа жөнүндө жобо менен эркин кампаны түзүү жана жоюу тартиби; эркин кампанын ээси катары иш жүргүзүүгө кызыкдар ата мекендик юридикалык жактарды эркин кампанын реестрине киргизүү жана мындай реестрден чыгаруу тартиби жана шарттары, ошондой эле эркин кампанын ээси катары ишмердикти токтотуу жана аны жаңылоо тартиби; эркин кампанын ээлеринин реестрин жүргүзүү тартиби; эркин кампаны жайгаштырууга, жабдууга жана иштешине талаптар; эркин кампада эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды бажылык жөнгө салуу жөнгө салынат.

 

Эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды кошо эсептегенде  эркин кампада товарларды жайгаштыруу, аларды сактоо, сатуу, ошондой эле эркин кампанын аймагынын чегинде Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарында жана Жободо каралган операцияларды жасоо үчүн арналган жайгашкан курулмалары (орун жайлар) бар атайын бөлүнгөн жана жайгаштырылган аймактар эркин кампалар болуп саналат.  

           

Юридикалык жак техникалык-экономикалык негиздемеси менен эркин кампасын түзүү жөнүндө сунуштаманы, тиешелүү документтерди жана Жобонун 23-пунктуна ылайык эркин капанын ээсинин реестрине киргизүү жөнүндө арызын тиркеп, бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жөнөтөт.  

 

Ушуну менен бирге аймакка жана анда жайгашкан эркин кампанын курулуштарына (жайларына) карата Жобонун 3-главасы менен белгиленген талаптар коюлат.

 

Юридикалык жактар эркин кампанын ээси катары эркин кампанын ээси реестрине киргизген шартта гана ишин алып барууга жол берилет.

Юридикалык жакты эркин кампалар реестрине киргизүү жана андан чыгаруу Жобого ылайык бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter