jump to https://bit.ly/2YXP4q5

 

Аз убакытта бир нече кесиптин ээси болууну каалагандар үчүн Бишкекте жаңы колледж ачылды (видео)

 

2019-жылдын 9-сентябрь күнү Бишкекте Борбор Азиядагы Америка университетинин алдындагы инновациялык колледждин кампусунун расмий ачылышы болуп өттү. Колледж ачылган жай буга чейин эч кимдин көңүлүн бурбаган, түссүз имарат болсо, азыр анын таанылгыс деңгээлде өзгөргөнүн байкоого болот. Өзгөчө дизайн, сапаттуу коопсуз материалдар жана жаңы техникалар. Булардын баары окуу жайдын студенттери менен кызматкерлерине ылайыкталып жасалган. Белгилей кетчү нерсе, аталган кампусту жаратуу проекти Кыргызстандын өкмөтү, америкалык Бард-Колледж жана АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигин колдоосу менен ишке ашкан.

 

Аз убакытта бир нече кесиптин ээси болууну каалагандар үчүн Бишкекте жаңы колледж ачылды (видео)

 

 


Аз убакытта бир нече кесиптин ээси болууну каалагандар үчүн Бишкекте жаңы колледж ачылды (видео)

 

 


Аз убакытта бир нече кесиптин ээси болууну каалагандар үчүн Бишкекте жаңы колледж ачылды (видео)

 

Студент болууга камынып жаткан 9-класстын бүтүрүүчүлөрү окуунун биринчи күнүндө мугалимдер менен таанышышты. Алгачкы күндө эле туура чечим чыгарганына ынанган абитуриенттер бүткүл Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азиядагы уникалдуу окуу жайга тапшыргандарына ыраазы.

 

Инновациялык колледжде кызыксыз лекциялар, тажаткан тапшырмалар болбойт. Өз кесибинин мыктылары аталган профессорлор, адистер студенттер менен өз билимдерин бөлүшүүгө даярданып жатышат. Профессионалдуу команда окуу жайга чогулганын колледждин проектинин автору жана куратору БААУнун вице-президенти Чынгыз Шамшиев да белгилеп өттү.

 

Аз убакытта бир нече кесиптин ээси болууну каалагандар үчүн Бишкекте жаңы колледж ачылды (видео)

 

 


Аз убакытта бир нече кесиптин ээси болууну каалагандар үчүн Бишкекте жаңы колледж ачылды (видео)

 

 


Аз убакытта бир нече кесиптин ээси болууну каалагандар үчүн Бишкекте жаңы колледж ачылды (видео)

 

Заман талабына ылайык, эмгек рыногунда өз ордун жоготпогон кесип менен ар бир студентти камсыз кылуу колледждин башкы максаты. Заманбап окуу жай аларга миң түркүн маалыматтын ичинен керектүүсүн иргеп алууга, аны менен катар бир эле кесиптин эмес, бир нече багыт боюнча кесипкөй адис болууга шар түзүп бере алат. Быйылкы жылдын эсебинен суроо-талап көп болуп, окуудагы орундар бат эле толуп калган. Инновациялык колледж келээрки жылы дагы жаңы студенттерди тосуп алууга даяр.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter