jump to https://bit.ly/2YXP4q5
11 сентября 2019, 11:40

Момбеков: Билим берүү жана илим министрлиги тейлеген үч багыт бүгүнкү күндө өлдү

 

Момбеков: Билим берүү жана илим министрлиги тейлеген үч багыт бүгүнкү күндө өлдү

 

Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министр кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жатат.

 

"Билим берүү жана илим министрлиги тейлеген үч багыт болсо, бүгүнкү күндө үч багыт өлдү деп айтсам аша чапкандык эмес", - деп бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

 

Учурда жыйында билим берүү жана илим министр кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жатат.

 

"Аталган министрлик тейлеген үч багыт бул бала бакчалар, мектептер, жогорку окуу жайлар. Бала бакчалар жетишсиз, кезек күтмөй, пара алмай, бир бөлмөдө 40 бала уктап жатат. Бул маселени кантип чечесиз?" - деп сурады Момбеков.

 

Каныбек Исаков бул маселени анализдеп, чечкенге аракет кыла турганын айтты. "Бала бакчаларды көбөйтүш керек. Мамлекеттик жана менчик бала бакчаларга мүмкүнчүлүк түзүү зарыл. Бала бакчанын көйгөйүн системдүү түрдө чечебиз", - дейт Исаков.

 

Момбеков орто мектептердеги билим деңгээлинин төмөндүгүн билдирди. Ошону менен катар эле ал жогорку окуу жайлардын саны көбөйүп кеткенин кошумчалады. "Койчу көп болсо кой арам өлөт деген сөз бар. Жогорку окуу жайлардын саны көбөйүп кетти", - деди Момбеков.

 

Каныбек Исаков белгилегендей, учурда 31 мамлекеттик жогорку окуу жайы бар. "Ал эми менчик окуу жайларга атаандаштык болсун деп лицензия берилсе керек", - деди Исаков.

 

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter