jump to https://bit.ly/2YXP4q5
13 сентября 2019, 10:28

Бишкекте майып кыздар сулуулук салонун ачышты

Бишкекте майып кыздар сулуулук салонун ачышты

Сулуулук салонунун ачылышында тартылган сүрөт. «Бир дүйнө – Кыргызстан» кыймылынын, «Теңдик» уюмунун өкүлдөрү, катышуучулар жана чебер кыздар. 12-сентябрь, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

 

 

 

«Теңдик» («Равенство») коомдук уюмунун атайын курстарын аяктаган мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар Бишкек шаарында аялдарга сулуулук салонунун кызматтарын көрсөтүүчү борбор ачышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган уюмдан кабарлашты.

 

Кыздар классикалык маникюр, тырмакты кооздоо жана лак коюу, кашты көркөмдөө, хрусталь татусу, кирпикти өстүрүү, кечки жана күндүзгү макияж жасоо өңдүү тейлөөгө адистешкен.

 

Атайын бөлмө «Бир дүйнө – Кыргызстан» укуктук кыймылынын «Альтернатива» борборунда, Сыдыков көчөсүнүн 258 номурдагы дарегинде жайгашты. Чеберлердин байланыш телефондору 0707 967 308, 0702 171 109.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter