Алмазбек Атамбаев кыйнала баштаганда мени аябай издеп, кишилерин жиберген. Бул тууралуу мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев Govori.TV агенттигине берген маегинде билдирди. 2016-жылы ага карата куугунтук болгонун айткан Сариев Атамбаев менен ошол учурдан бери байланышпаганын кошумчалаган.