Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда Тажикстанга жакын жашаган айылдын жашоочулары кайрадан өздөрү жашаган аймакка баруудан чоочулап жатышат. 16-сентябрдагы окуядан жабыркаган Күмүш Рустамова жаңжал туралуу айтып берди.

 

"Биз атышуулар болот деп ойлогон эмеспиз. Күндөгүдөй эле иштерибиз менен алек болуп жатканбыз. Буга чейин деле пикир келишпестиктер болуп келген, ошол сыяктуу сүйлөшүүлөр менен бүтөт деп ойлодук. Бир маалда биздин аскерлер чек ара тарапка курал менен чуркап жөнөштү. Дагы бири коңшубузга келип, бул жактан качкыла деди. Биз балдарыбыз менен тоону көздөй качып жөнөдүк, ошол убакта бизге ок тийген. Жарадар болгонубузду канды көргөндө гана билдик",-дейт Максат айылынын жашоочусу.

 

Ал мамлекет башка аймакка көчүрүп, кичинекей бөлмө бөлүп берсе деген каалоосун билдирди.

 

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter