jump to https://bit.ly/2YXP4q5
20 сентября 2019, 16:10

Атамбаевди куттуктаган УКМК кызматкерин жумуштан бошотуп салышты

Канат Сагынбаевден УКМК кызматкеринин күбөлүгүн тартып алып, өзүн жумуштан бошотуп коюшту. Бул тууралуу экс-президенттин уулу Кадыр Атамбаев Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

«Буга Канат Сагынбаевдин Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаганы себеп болгон» - деп жазат Кадыр Атамбаев.

«8-августтагы окуялар учурунда Канат Сагынбаев УКМКнын 9-кызматынын офицери катары экс-президент Алмазбек Атамбаевди коргоодо өз милдетин аткарды.

Мыйзамсыз чабуулдун уюштууучулары УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлерин «Альфа» отрядынын кызматкерлери менен кайраштырды. Мен Канат Сагынбаевге, УКМКнын 9-кызматынын кызматкерине, чабуул тууралуу эч кандай билдирүү беришпегенин коюшпаганын эскертип кетем. Ал тургай, «Альфа» отрядынын чабуулу башталганда да, аны чакыртып алышкан эмес, башкача айтканда Атамбаев мамлекеттик күзөттүн коргоосу алдында калышы керек болчу.

Эскертем, УКМКнын 9-кызматынын кызматкери катары Канат Сагынбаев жумуш алдында жетекчиликтен «объектини кашык каны калгыча коргоого» милдеттенме алган.

Атамбаевди куттуктаган УКМК кызматкерин жумуштан бошотуп салышты

 


Канат Сагынбаев – мамлекет тарабынан өзүнө коюлган милдетти татыктуу аткарган чыныгы офицер. Аны эмес, чабуул жасоого бкылмыштуу буйрук бергендерди жумуштан бошотуш керек», - деп түшүндүрдү экс-президенттин уулу.

 

 

Апрель тв

Отправить новости WhatsApp News
Banner
3 комментария
  • Адил
    Ушул конченный пидораз жонунда маалымат жазбай эле койгулачы 8жыл котоктун ишин кылбады с**а пидораздыкы тантык йобаны вроттуку
  • Адилет
    Это и есть бумеранг для Атаңбая
  • Ррасул
    Суки простожизнь бумерангом покажет всем

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter