2019-жылдын 22-сентябрь күнү "Кыргызстан" саясий партиясынын VI курултайы болуп өттү. Съездге жалпысынан 1175 делегат катышты. Анын ичинде Чүй облусунда 324, Ош облусунда 161, Ош шаарында 41, Жалал-Абадда 62, Баткенде 11, Талас облусунда 34, Нарын облусунда 54, Бишкек шаарында 116, саясий кеңештин жана Жогорку кеңештин депутаттарынан 37, жаштар канатында 278 делегат шайланган.


Алгач курултайдын катышуучуларына саясий партиянын түптөлүшү, кылган иштери тууралуу тасма көрсөтүлдү.


«Кыргызстан» саясий партиясы 2010-жыл апрелде негизделип, аны ишкер, Улуттук Олимпиадалык комитеттин президенти Шаршенбек Абдыкеримов түзгөн. Ал курултайда партиянын жетекчилигине Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Жумабеков менен Алмазбек Баатырбековдун да талапкерлигин сунуштаган. Аталган эки саясатчы лидерликке ат салышуудан баш тартышты.


Партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков партия шайлоого аттанып жаткандагы убадаларды толугу менен аткарбаса дагы, бир топ ири иштер жасалгандыгына токтолду

 

«Кыргызстан» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев ал жетекчилик кылган убакта партиянын жасаган иштери тууралуу кыскача отчет берди.

 

Аталган партиянын лидерлигине сунушталган депуттардын бири Алмазбек Батырбеков партия түзүлгөн убакыттан бери жарандар тарабынан келип түшкөн кайрылуулардын дээрлик көпчүлүгү аткарылганын баса белгилеп, келечекте "Кыргызстан" негизги партиялардан болуусуна аракет кылууга жалпы мүчөлөрдү чакырды.


Курултайда Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев «Кыргызстан» партиясынын лидери болуп кайрадан шайланды. Исаевдин талапкерлигин партиянын саясий кеңеши көрсөткөн. Ал буга чейин 2015-жылы парламенттик шайлоону утурлай, партиянын лидери болуп тандалган.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter