Кыргызстандагы көпчүлүк аймактарда, анын ичинде Нарын облусунун айыл жерлеринде бала бакча маселеси эң чоң көйгөйлөрдүн бири. Жергиликтүү тургундар бөбөктөр үчүн мектепке чейинки даярдоо бакчасын куруп берүү өтүнүчү менен бир топ жайларга кайрылышкан. Бүгүн алардын тилеги орундалып Ат-Башы районуна караштуу Казыбек жана Кара-Суу айылдарындагы болочок бала бакчанын курулушуна капсула салуу салтанаты болуп өттү. Алардын бирине «АЮ Холдинг” компаниясы демөөрчүлүк кылып жатат. Бала бакчанын бири 150 балага ылайыкталса, экинчиси 80 наристени кабыл алууга даяр. Капсула салуу салтанатына аты аталган компаниянын өкүлдөрүнөн сурткары Жогорку Кеңештин депутаттары, жеке ишкерлер катышышты.

 

Маданият үйүнө атайын жыйналган айыл тургундары эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирүү менен бирге, өтүнүчтөрүн да айта кетишти.

Белгилей кетсек, эл менен жолугушууга барган “Асылташ плюс” ЖЧКнын башчысы Болот Кенжебаев дагы четте калбай, айыл жашоочуларынын суранычын дароо орундатып жатты.

 

Казыбек айылында буга чейин салынууга ылайыкталган бала бакчаны куруу иштери аягына чыкпай калган. Эгерде каражат өз убагында бөлүнө турган болсо, жаңы бакчанын 2020-жылы колдонууга берилиши күтүлүүдө.

 

Ал эми Кара-Суу айылында учурда жападан жалгыз бала бакча бар. Ал 1987-жылы мурдагы мончонун имаратында салынган. Учурда ал жакта 75 бала тарбияланат. Жыл сайын кезек күткөн балдардын да саны арбын. Эскилиги жеткен бала бакча, кадимки шарты орто жайлардан кем калбайт.

Кара-Суу айылынын кичинекей тургундары үчүн кубанып турган жергиликтүүлөр демөрчүлөргө ыраазычылыктарын билдирип, өз баталарын беришти. Алар өздөрү жашаган аймак мындан ары дагы алдыга карай өнүгөт деген ишеничте.

 

Бул саамалык “АЮ Холдинг” компаниясы каржылап жаткан алгачкы проектерден эмес. Жалпыга белгилүү болгондой компания буга чейин бир нече айылдарга көпүрө, жол куруп берген. Айыл жашоочуларынын жашоо шартын жакшыртуу максаты дагы алдыга карай уланарын компаниядан белгилешти.

 

 

 

 

Banner
1 комментарий

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter