Мамлекеттик тил майрамынын 30 жылдык мааракесине карата Борбор Азиядагы Америка университетинде маданий иш чара болуп өттү. Студенттер кыргыз тилиндеги ырларды көркөм айтып, чыгармалардан үзүндүлөрдү аткарышты. Окуу жайда мамлекеттик тилге өзгөчө басым жасалып, бул сыяктуу иш чаралар жыл сайын өткөрүлүп келет. Бир гана жергиликтүү жана чет элдик студенттер эмес, мугалимдердин дагы тилди өздөштүрүүсүнө шарттар түзүлгөн.


Бүгүнкү иш чарага Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти дагы катышты. Жалпы конокторго кыргыз тилинин тарыхы тууралуу маалыматтар айтылды.


Мугалимдер баса белгилешкендей кыргыз тилин чет өлкөдөн келген студенттерге туура үйрөтүүгө дыкат көңүл бурулат. Жыл сайын аны үйрөнүүгө ашыккандардын саны дагы көбөйүп келет. Бүгүн майрамдын катышуучуларына атайын программанын алкагында эне тилиндеги жагымдуу чыгармалар тартууланды.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter