Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка Университетинин инновациялык колледжинин студенттери атайын Франциядан чакырылган лектор Бернар Шаванс менен жолугушуу өткөрүштү. Ал жаш студенттерге өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, “Орусия, Борбор Азия жана Кытайдагы экономикалык системанын эволюциясы: акыркы үч он жылдыктын негизинде талдоо” аталышындагы лекция өттү.


Бернар Шаванс – экономика илиминин доктору жана Париж 7 Дени Дидро университетинин профессору болуп саналат. Аталган окуу жайда ал 1971-жылдан тарта 2013-жылга чейин эмгектенген. Ошондой эле ал Социалдык динамика жана мейкиндикти реконструкциялоо лабораториясынын өкүлү, GERME изилдөө борборун жана “Глобализация, институттар, тарых” магистратурасын жетектеген. Жогорку изилдөө мектебинде социалдык илим жаатында 1979-жылдан тарта эмгектенет. “Советтик экономикалык система”, “Социалисттик системанын аягы”, “Маркс жана капитализм” ж.б. көптөгөн эмгектердин автору.

Инновациялык колледжде чет өлкөдөн чакырылган, анын ичинде дүйнөгө таанымал коноктордун келиши кадимки көрүнүш. Айтсак, алар күн сайын түрдүү теманын алкагында жаңы маалыматтарды алып, атайын лекторлор менен жолугушат. Мындай жолугушуулар аларга чоң мотивация берерин студенттер белгилешти.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter