26 сентября 2019, 15:29

5 айлык наристесин таштап кеткен Бектемир кызы Назира изделүүдө

“Калыс Медиа” ыкчам кабар байланыш бөлүмүнө 34 жаштагы Жапаркулов Азатбек атту жаран кайрылып, келинчеги Бектемир кызы Назира 2019-жылдын 16-сентябрь күнү таңкы саат 4төр чамасында Бишкек шаарындагы Ильменская 90 дарегинде жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда деп билдирди.

 

5 айлык наристесин таштап кеткен Бектемир кызы Назира изделүүдө

 

 


5 айлык наристесин таштап кеткен Бектемир кызы Назира изделүүдө

 

Бектемир кызы Назира 08.02.1992-жылы Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында туулган. «Жубайымдын биринчи жолдошунан 2 баласы бар, аларды апасы багат. Экөөбүздүн 5 айлык балабыз бар. Назира гепатит (боор оорусу) менен ооруп, дарыланып жүрчү. Бишкектеги ооруканалардын биринде каттоодо турат. Окуя болгон күнү адаттагыдай эле тамашалашып, дүкөндөн келгенден кийин уктаган. Таңкы саат 6:30 чамасында балам ыйлаганынан туруп, астын алмаштырдым. Назира жанымда жок экен. Чөнтөк телефонун таштап, кат жазып, 3 миң 200 сом акчаны алып кетиптир. Катта “Баламды сизге, сизди кудайга тапшырдым. Балам сизге көнүп калды. Аз калган жашоомду өзүм жашайын деп чечтим, мени эч ким издеп убара болбосун. Карындашыңыз баламды жакшы карайт, ошого ишенем” деп жазылган. Дароо милицияга арыз жаздым.

 

5-6 күн баламды өзүм карап, кыйналганымдан кечээ жеңеме бердим. Балам куса болуп ыйлап жатат. Өзгөндөгү жакын туугандарынан сурадык, ал жакка барбаптыр. 1984-жылы туулган таластык курбусу үйгө келип жүргөн. Жүрүм-туруму начар экен, “ушул курбуңа кошулбай эле койчу” деп айтып жүрдүм. Ал курбусуна чалсам телефону өчүк. Менин оюмча ошол курбусунукунда жашынып жүрөт, бирок дарегин билбейм», – дейт Азатбек Жапаркулов.

Азыркы тапта милиция кызматкерлери издөө иш аракеттерин көрүүдө.


Көргөн билгендер болсо 102 номерине же 0700414214 кабарлап коюшуңуздарды өтүнөт.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter