jump to https://bit.ly/2YXP4q5
10 октября 2019, 11:07

Керим Турапов 60 жашта

Керим Турапов 60 жашта

 

 

Талант бир барактаганын кандай баштаса  кийинкилерин да так ошондой жазат окшобойбу. Негизи адам кандай кесиптин ээси болбосун, ошого берилип изденүүдөн улам бийиктикке умтулат. Кыраакы,  тажрыйбасы мол талант гана  өзү аткарган мукам кайрыктардын үстүндө тереӊ ойлонуп, өзгөчөлүгүн издеп тапканга ашыгат.

 

 Эсимде бала кезде сыналгынын жанынан чыкпай «Арноо концертин» үзбөй көрчүмүн. Ошондо үнү уккулукту бир ырчы «Апам жапкан нанды сагындым... Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт…» деп ырдаган ырларынан таасирленгем. Мына ошол ырлардын көркүн ачкан Керим Турапов экенин билгенде, ал ырчынын чеберчилигине таӊ калып, дилимде ага болгон өзгөчө сый калган эле. Мына бүгүнкү күндө керемет искусствонун бир бөлүгү аталган  опера жанрында кадыр- баркы бар Керим агабыз  60 жашка чыгып олтурат. Кудайым бар жакшылыктарын насип этсин. Чын дилибизден куттуктайбыз. Чыгармачылыкта зоболосу бийктей берсин... КРнын Эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын директору Керим Тураповдун бейнесине штрихтер.

 

Керим Турапов 60 жашта

 

Искусстводогу мыйзамды туу туткан талант!

 

Искусствонун жазылбаган мыйзамы

Искусстводо анын ичинде профессионал кесипкөйлүк боюнча алып карасак, бир гана мыйзам бар. Ага баш ийбей коюу же өзгөртүп жиберүү такыр мүмкүн эмес. Ал мыйзам-Жараткан тартуулаган талантты өрчүтүү жана чыгармачылыкка чыккынчылык кылбоо. Арабызда кээ бир өнөрпоздор таланты менен эмгеги элге сиӊген улуу искусство чеберлерди  туурап чыккан “үйрөнчүк таланттар” таанымал болмок тургай, өз жүзүн жоготуп коюп жатышат. Бирок ошол багытты тандап,  атактуу болгондор дагы  жок эмес.  Канткен күндө да  андайлар искусстводогу мыйзамды бузган болот. Өз чындыгы жок, чыныгы таланттардын көлөкөсүндө жүрүп өтөөрү акыйкат. Ал эми Керим Турповдун тандоо жолу такыр башка. Биринчиден Алла-Таала тарабынан берилген үн жана ата-энемден алган таалим-тарбия бул каарманымдын айныгыс чындыгы.

 

Керим Турапов 60 жашта

 

Адашпаган багыт

 

Маданият өкүлү катары Керим ага бараткан багыт-өзгөрүлбөгөн  багыт!.. Чыныгы кесипкөй багытын өзгөрттүм дегичекти адамдыгын жоготот эмеспи. Мүдүрлүк кызматында ар бир ишчилердин үнүн уга билип, маселелерин чечүүгө бел байлап келет. Канткен күндө дагы мамлекеттик кызматта 10 жылдан ашуун иштеген иш билги адис катары маданият тармагындагы ашкананын  ар бир буюуму ага тааныш. Жетекчилер  чакырык менен максатын алдыга коёт тура. Жашоодогу урааны: «Барчу багытыӊды оюӊа карап түздө”.

Жашооӊ жашыӊ эмес, жашаганыӊ менен билинет дейт…

 

Керим Турапов 60 жашта

 

 

Албетте, бул жашоодо татыктуу жашап өтүү тилеги каарманыбызда дайыма жүрөк кагышы менен кошо согуп келет.  Операнын «О» тамгасын аӊдай албаган баёо кези. Боз-ала чаӊга аралашып ойногон бозулан курагында, артист деген сөз кулакка жаман угулчу экен. Себеби, союз доорундагы эски адамдар артисттерди «лөлүлөр, «маскарапоздор» дешчү. Кийинчерээк артисттердин жашоосу дөӊгөлөк үстүндө өткөнүн билип, аларга болгон урмат-сый пайда болуптур. Бара-бара   чыгармачыл адамдар көөкөрдөй көтөрүмү оор, жакут таштай таза, көңүл кушу назик болооруна ишенгенин көп айтып калат.

Бала Керимде  чыгармачылыктын чыйыр жолуна түшкөндөн тарта   дос-жар, күйөрмандар  пайда болду. Эл арасында татыктуу өмүр кечирүү эл көзүндөгү  инсанга алда-канча кыйын белем. Кечээ эле сөзү, обону өзүнө таандык   «Апам жапкан нанды сагындым» деп ырдаганда  эли тааный баштаса, мына бүгүн сөзү КР эл акыны Надырбек Адлымбековго таандык  «Тагдырга айла канча барбай калсам, тизмеге балдарымды каттагыла» деп созолонто ырдаган  Керимди  унутушпай оозго алынып келгени кадыр-барк эмей эмине. Профессионал кесипкөй   үчүн эӊ маанилүүсү элинин жүрөгүнө Керим Турапов ысымын  жаздырып кетүү.

 

Керим Турапов 60 жашта

 

 Маданияты бийик өлкө эч качан жарды болбойт.  Жигиттин көркүн эмне ачат?! Албетте, жигиттик мүнөз. Эли-жерине берилип кызмат кылуу. Келечектин камын көрүү. Айткан сөзүнүн өтөөсүнө чыгуу. Кудайым буюрса, кыргыз искусствосун дүйнө таанышына өз тажрыйбасын аябаган талант ээсин сүйлөтүп акылын, иштетин күчүн сынайлы.

 

 

Динара Асылбекова

 

 

 

 

 

 

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter