jump to https://bit.ly/2YXP4q5
12 октября 2019, 13:33

Тынар Курбаналиев: Мен жөнүндө ар кандай кептерди айткандарды Кудайга тапшырдым

Тынар Курбаналиев: Мен жөнүндө ар кандай кептерди айткандарды Кудайга тапшырдым

 

 

Куудул Тынар Курбаналиев көк бөрү ойноп жатканда чекеси жарылып, ооруканага түшкөнү тууралуу маалымдалган. Кечээ, 11-октябрда куудул мырза үйүнө чыгарылды. Мындай маалыматты Тынар Курбаналиев өзү билдирип, окуя тууралуу айтып берди.

 

"Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы. Мен үчүн кабатыр болуп жаткан күйөрмандарыма ыраазымын. Ал эми мен жөнүндө ар кандай кептерди айткандарды Кудайга тапшырдым.

8-октябрда жоро-жолдошторум менен Жалал-Абад шаарында көк бөрү ойногонбуз. Оюнга берилип кетип каршы тарабымдагы оюнчуну байкабай калыптырмын. Аны менен кагылышып, чекемди жабыркатып алдым. Буюрса абалым жакшы. Бүгүн ооруканадан үйгө чыгам", - дейт ал.

 

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter