Мария апанын кызы Нурпери Сыдыкова 2018 жылы июнь айында эч кимге айтпай, оорукчан кызын таштап Түркияга кетип калган. “Мен Түркиядамын” деп бир гана жолу байланышкан бойдон Нурперинин дайыны жок.

“Апа, мени группалашым Назира Турцияга чакырып атат дегенинен “Турцияда эмне бар, андан көрө кызыңдын жанында бол” дегем. Ал Назира деген курбусу менен кондитердик лицейде бирге окуган. Ал кызга да такыр байланыша албадым»,- дейт Мария апа.

 

Түркияга иштейм деп кетип, дайынсыз жоголгон Нурперинин апасы жардам сурайт (ВИДЕО)

 

 


Түркияга иштейм деп кетип, дайынсыз жоголгон Нурперинин апасы жардам сурайт (ВИДЕО)

 

Кызынын оор тагдырына Мария апа өзүн күнөөлөп келет. Анын айтымында, Нурпери 19 жашка чыкканда, аны тааныбаган эле бир адамга күйөөгө берип коюшкан. Турмушу жакшы болбой, Нурпери жолдошу менен копко жашаган эмес. Ал төрөп төрөтканада жатканда, жолдошу “мага кыз керек эмес ” деп таштап кеткен. Ошону менен Нурпери төркүнүнө кайтып келген.

“Неберем төрөлгөндө эле оорукчан болуп төрөлүптүр. Биз аны үчкө чыкканда билдик. Даарыгерлер толук айыктыра албашын айтышты. 28-октябрда неберем 6 жашка чыгат. Сүйлөй албайт. Өнүгүүсү жай. Мындайды ЗПРР деп коюшат экен. Үч айда бир ооруканага жатып даарыланабыз. Андан тышкары логопедке дагы алып барам… Даагыгерлер “өз энеси жанында болгондо тезирээк жакшы болмок” дешет. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн да жоготуп алгам. Ата-энесинин дайыны жок болгон учун, балага күбөлүк дагы ала албай жүрөм. Атасы Орусияда, ага 2 жыл мурун байланышсам “өзүңөр бага бергиле деп койду”,- дейт каарманыбыз ыйлап.

 

Мария апа кызынын өтө боорукер, ишенчээктигинен пайдаланып, Түркияга алдап алып кетиши мүмкүн экенин айтат.

«Өлүп калдыбы деген да ой келчү. Бирок, эки, үч ай мурун Фейсбукта сүрөттөрү чыгып, кайра эртеси күнү өчүп калды. Балким, бирөөлөр кармап, иштетип атабы деп ойлойм»
Мария апанын кызын издеп какпаган эшиги калган эмес. Тышкы иштер министрлигине, Ички иштер министрлигине, Юстиция министрлигине кайрылган. Бирок эч кимден оң жооп ала албаган эне үмүтүн үзбөй, биздин редакцияга кайрылып, коомчулуктан жардам сурайт…

 

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter