Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду. Бүгүн мелдештен мекенге кайткан мурдагы ички иштер министрин атасы жана жакындары, ЖК депутаттары, ошондой эле күйөрмандары салтанаттуу түрдө тосуп алып, жылуу тилектер менен бирге белектерин арнашты.

 

Мелис Турганбаев, 11-октябрда 56 жаштан 60 жашка чейинки курактагы балбандар арасында 78 килограмм салмакта күч сынашып, төрт беттеш өткөргөн. Ал алгач ирандык Гасем Мохаммадды, андан соң украиналык Сослан Адыхаевди жеңди жарым финалда казакстандык Турпарали Сулиминовду килемге басып жыгып, алтын байге үчүн таймашта АКШ өкүлү Жорж Бредли Шварцты жеңип, дүйнө чемпиону аталды. Алдыңкы жылдары дагы алтын медалды багынтуу максаты бар экенин Турганбаев белгилеп өттү.

  

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында буга чейин 2016-2018-жж эки жолу коло байге алган.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
1 комментарий
  • Читатель
    Хорош заказывать за бабки дешёвые статьи и пиариться старик! Читай книги, читать и писать научишься

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter