16 октября 2019, 10:56

Депутат: Өзүн "Кудаймын" деп жүргөн теңирчилерге кандай чара көрүлөт

Депутат: Өзүн "Кудаймын" деп жүргөн теңирчилерге кандай чара көрүлөт

 

 

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов каттоодон өтпөй иш алып жүргөн диний уюмдар барбы деп сурады.

Президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Зайырбек Эргешов каттоодон өтпөгөн диний уюмдарга чара көрүлө турганын айтты. "Каттоодон өтпөгөн 20 уюм экстремисттик деп табылды, аларга күч органдары мыйзам чегинде чара көрөт", - дейт ал.

 

Депутат өзүн "Кудаймын" деп жүргөн теңирчилерге кандай чара көрүлө турганын сурады.

 

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов теңирчилердин үгүтү экстремизм же улуттар аралык кастыкты козутуу багытында эместигин айтты.

 

Зайырбек Эргешов билдиргендей, теңирчилер диний уюм катар каттоодон өткөн эмес. "Кудаймын" деп жаткан адамдын айткан сөздөрүнө жараша экспертизага материалдар жөнөтүлгөн. Ошого карата чаралар көрүлөт", - дейт Эргешов.



Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter