Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңеште депутаттар каражат таба турган бюджет жок экенин билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында парламентке өлкө үчүн күйгөн, чыныгы патриоттор келет.
"Жогорку Кеңеште эч кандай бюджет жок. Көптөгөн кыскартууларга бардык. Кээ бирөөлөр тескерисинче ойлошу мүмкүн. Бирок чындыгында андай эмес. Бизде ыйык трибуна бар. Мына ошол жерден элдин сөзүн өкмөткө жеткирип турабыз",-деген оюн депутат "Азаттыкка" билдирген.