Депутаттык "креслонун" баасы көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков "Жебе Медиа" агенттигине берген маегинде билдирген.
"Мурун 150 миң добуш алган партия өтсө, азыр 170-180ге көтөрүлдү. Демек, акчанын дагы курсу көтөрүлөт. Эл деле билет, мурун ар бир мандат 200-300 миң доллардан турган болсо, азыр 500 миң долларга чейин барышы мүмкүн. Кээ бир депутаттар шайлоочулар менен жолугушууга барышпай эле, биринчи сессияга даярданып отура беришет. Анткени, алар элдин шайлоосун акча менен сатып алат",-деп билидрген эл өкүлү.