22 октября 2019, 17:13

Депутат: Арстан Алайга кылмыш ишин козгобой, ден соолугун текшериш керек

 

Депутат: Арстан Алайга кылмыш ишин козгобой, ден соолугун текшериш керек

 

Арстан Алайдын "Мен Кудаймын" деген сөзү экспертизага жөнөтүлгөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген. Бишкек ШИИББи Арстан Алайдын мындай билдирүүсү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Учурда териштирүү иштеринде диний жана лингвистикалык эки экспертиза дайындалды. Коомчулук бул окуяны чоң талкууга алып, Ички иштер министрлигинин бул кадамын сынга алышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов көрүнгөн киши көчөгө чыгып "Мен Кудаймын" деп айтканы туура эмес экенин "Супер инфого" билдирген.

 

"Көрүнгөн киши көчөгө чыгып, "Мен Кудаймын" дей берсе эмне болот? Бирөө "Мен Кудаймын, силерге Кудай болуп келдим" десе эле этегине барып сыйынышыбыз керекпи? Ошондуктан ага кылмыш ишин козгобой, ден соолугун текшерүү керек", - дейт Ормонов.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter