Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков ACA (Absolute Championship Akhmat) спорттук уюму менен келишимин жаңылады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы өздүк баракчасы аркылуу кабарлады.
"Ассалому алейкум, кыргыз элим. ММА уюмдарынын ичинен дүйнө жүзү боюнча экинчи орунда турган промоушен менен жаңы контракт түздүк. Absolute championship Akhmat уюмунун негиздөөчүлөрүнө жана менеджериме ыраазычылык билдирем. Буйруса, элиме жеңиш тартуулаганга бүт күчүмдү жумшайм", — деп жазган мушкер.