24 октября 2019, 10:14

Түптөгү көп балалуу үй-бүлөгө кайрадан жарык берилди

Түптөгү көп балалуу үй-бүлөгө кайрадан жарык берилди

 

 

Ысык-Көл облусуна караштуу Талды –Суу айыл өкмөтүнүн Көөчү айылынын Тынчтык көчөсүнүн №25 үйүндө жашаган көп балалуу үй-бүлөнүн 182 сом карызы үчүн электр жарыгын өчүрүп салышкан. Бул тууралуу видеону редакциябызга окурман жиберген.

 

Аталган маалыматты Түп РЭТи тастыктап, жарык 16-октябрь күнү өчүрүлгөнүн билдирди. 

 

"Сентябрь айында колдонгон электр энергиясынын төлөмүн толугу менен төлөбөстөн 177 сом 32 тыйын калдык калтырылган. Ошол себептен 16 октябрь 2019-жылы жарык Түп РЭТи тарабынан өчүрүлгөн. Октябрь айынын утурумдук төлөмү 283 сом 36 тыйын, кошуудагы 250 сом, тууму 6 сом 75 тыйынды түзөт. Учурда Түп РЭТинин кызматкери тарабынан электр энергиясын кошуп беришти", — деп айтылат маалыматта.




Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter