24 октября 2019, 13:10

Эмилбек Каптагаев: Токаевди карап туруп, Жээнбековго кантип ыраазы болбой коебуз?

"Асмандагы айды чапчып" турушкан президенттеринин арасында жүрүш, алар менен сүйлөшүш, иш алып барыш Сооронбай Шарипович үчүн деле оңой эмес. Бул тууралуу Эмилбек Каптагаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

 

"Президент Токаевдин орто жолдогу бийлиги аягына чыкты көрүнөт... кыргызча айтканда "аркандалган аттай" эле ахвалга келип калыптыр...бечара. Казакстанда тээ илгертеден келе жаткан АТАЛЫК институту орнотулуп, "эки тизгин бир чылбыр" кайрадан эле Элбасы Нурсултан Назарбаевдин колуна ырасмий берилиптир. Эмдиги кадам мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоодо бийликти нукура мураскарго тапшыруу боло турганын бөркүбүздөй эле көрө берсек болот окшойт. Ушуну карап отуруп Президент Сооронбай Жээнбековго кантип ыраазы болбой койобуз? Аталыкты биринчиден болуп Атамбаев орнотуп жатпады беле. Ошол коррупцияланган чеңгелден куткарганы эле эмне деген ЭРДИК, билген кишиге. Негизи Кыргызстан бул чөлкөмдө "ак каргадай" эле ахвалда, жалаң авторитардык режимдердин арасында туруп, алардын "асмандагы айды чапчып" турушкан президенттеринин арасында жүрүш, алар менен сүйлөшүш, иш алып барыш Сооронбай Шарипович үчүн деле оңой эмес",-деп жазган ал.

 

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
2 комментария
  • Sen
    sioboi koisn kýn kaama
  • Зулуш
    Чынында эле Атамбаев бекер жеринен Жээнбековду тандаган жок Аны жоош, менин созумон чыкпайт каалагандай башкарып алам деп ойлогон Бирок бир нерсени, анын ака-уколорун эске албай койгону жанылыштык болду

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter