25 октября 2019, 11:36

Жалал-Абадда калкты таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашырылууда

Жалал-Абадда калкты таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашырылууда

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун 2019-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы”-деп жарыялоосунун алкагында, Калкты таза суу менен камсыздоо долбоорунун негизинде, Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн иш-планы менен област аймагында 2019-жылы аткарылып жаткан жумуштар:

 

Жалал-Абад областында, калкты таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашырылууда.

 

Жалал-Абадда калкты таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашырылууда

 

 


Жалал-Абадда калкты таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашырылууда

 

 


Жалал-Абадда калкты таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашырылууда

 

Областтын аймагында калкты таза суу менен камсыздоо программасына ылайык Ислам Өнүктүрүү Банкынын жана республикалык бюджеттин каржылоосуда жалпысынан 48 айылда, Дүйнөлүк Банктын, Европа Реконструкциялоо Өнүктүрүү Банкынын каржылоосунда 3 шаар 6 айылды таза суу менен камсыздоо долбоорлору боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Алсак,


-Европа Реконструкциялоо Өнүктүрүү Банкынын каржылоосунда Жалал-Абад шаарынын ичүүчү суу түтүктөр жана канализация тутумун реабилитациялоонун 2-фазасы (9,1 млн. евро) боюнча консультанттарды тандоо иштери жүрүп жаткан болсо, Майлуу-Суу шаарынын ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо (8,1 млн. евро) долбоору боюнча консультанттар тандалып алынып, жумуштар башталган;


-Дүйнөлүк Банктын каржылоосунда Кербен шаарынын Ак-Дөбө,Күлүк-Дөбө, Жетиген, Курулуш, Жарды-Колот жана Дөң-Кыштак айылдарында суу түтүктөр тутумун реабилитациялоо боюнча курулуш иштери 80% аткарылды;


- Ислам Өнүктүрүү банкынын каржылоосунда АРИС аркылуу областтын 5 районундагы 24 айылдын ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо долбоорлору боюнча долбоорлоо иштери бүткөрүлүп, подряддык ишканаларды тандоо жүргүзүлүп жатат. Анын ичинен Токтогул районундагы Кара-Тектир айылынын ичүүчү суу системаларын куруу иштери “Победа” ЖЧКу тарабынан 2019-жылдын 21-августунан башталды;


-Республикалык бюджеттин каржылоосунда: Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма айылындагы, Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагындагы Карл-Маркс, Атай айылдарындагы, Аксы районунун Кербен шаарына караштуу Мамай айылынын, Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагындагы Турпак-Коргон айылынын, Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Көк-Булак участкасында, Кыз-Көл айыл аймагындагы Кыз-Көл, Ак-Тоок, Каду айылдарындагы жана Курманбек айыл аймагындагы Жоон-Күнгөй, Көк-Арт, Багыш айыл аймактарынын 11 айылындагы калкты ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу, реабилитациялоо боюнча (12,0 млн. сом) курулуш иштери аткарылууда. Ошондой эле Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагындагы 5 айылды, Аксы районунун Авлетим айыл аймагындагы Дерес-Сай, Терс айылдарын таза суу менен камсыздоо боюнча тендер бүтүп, курулуш иштери башталууда.

 

Жалал-Абадда калкты таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашырылууда

 

 


Жалал-Абадда калкты таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашырылууда


-Кытай Эл Республикасынын 100,0 млн. АКШ доллар өлчөмүндөгү гранттык долбооруна Жалал-Абад облусунун калкынын саны аз, жашоо шарты оор жалпы 200 миңге жакын калкы менен 105 айылга ичүүчү суу системаларын куруу боюнча кызматчы топтор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тийиштүү иштер жүрүүдө.


Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана реабилитациялоо жумуштарынын жүрүшүнөн, област жетекчи К.Сатыбалдиев жеринен кабар алууда.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter