26 октября 2019, 15:39

Сүйүн Өмүрзаковго тапанча атууда биринчи орунду алгандыгы үчүн алтын медаль тапшырылды

Сүйүн Өмүрзаковго тапанча атууда биринчи орунду алгандыгы үчүн алтын медаль тапшырылды

 

 

24-октябрдан баштап Бишкектин спорттук базасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин Спартакиадасы өтүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.


Иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү, мамлекеттик кызматкерлерди ар убак дене тарбия менен машыгууга тартуу жана дене тарбия- массалык иштерди уюштурууну өнүктүрүү максатында мамлекеттик кызматкерлеринин арасында өтүүдө.
25-октябрь күнү күч структураларынын арасында Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча мелдеш өттү. Аталган мелдеште Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков 87 балл топтоп, ардактуу биринчи орунду багындырды. Ал эми экинчи орунду Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, 3-орунду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы алган эле.

 

Сүйүн Өмүрзаковго тапанча атууда биринчи орунду алгандыгы үчүн алтын медаль тапшырылды



Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канат Арпачиев күч структураларынын арасында Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча мелдеште биринчи байгелүү орунду алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковду диплом, алтын медаль жана атайын Кубок менен менен сыйлады



Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter