28 октября 2019, 15:20

Икрамов Жаманкуловко: Жасанып келгениңиз эле болбосо, оозуңузга талкан салып алгандай болуп бир маселе көтөрбөйсүз

Икрамов Жаманкуловко: Жасанып келгениңиз эле болбосо, оозуңузга талкан салып алгандай болуп бир маселе көтөрбөйсүз

 

 

Жасанып, таранып келгениңиз эле болбосо, оозуңузга талкан салып алгандай болуп бир маселе көтөрбөйсүз. Мындай пикирин депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго карата айтты.

 

"Жасанып, таранып келгениңиз эле болбосо, оозуңузга талкан салып алгандай болуп бир маселе көтөрбөйсүз. Жазуучулар союзунун маселесин чечели деп айтпайсыз. Алып барган ишиңиз боюнча маалымат берип кетсеңиз", - деди депутат.

 

Акылбек Жамангулов депутатка "Жазуучулар союзу менен үч-төрт жолу жолугуп, маселесин уктук. Китептерди чыгаруу, каржылоо боюнча маселелери бар. Өкмөттө да бул маселени талкуулаганбыз. Жакынкы арада бардык союздарга акча бөлүнөт. Ушунун алкагында бул маселе чечилет деп ойлойм", - деп жооп берди.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
2 комментария
  • народ
    правильно говорит депутат, этого министра надо снять с работы только за одни кресла элит хауса, установленные во дворце спорта бескультурье и цинизм
    1. Гость
      Где он и где Дворец спорта Спорт курирует другое ведомство, если что

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter