29 октября 2019, 12:10

Канатбек Исаев Ширин Айтматованы сотко берет

Канатбек Исаев Ширин Айтматованы сотко берет

 

 

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев «Үмүт 2020» кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматованын Токмоктогу сатылып кеткен китепкана боюнча айыптоолоруна жооп берди:

 

«Мен Токмок шаарын башкарып турганда китепкананы саткан жокмун. Биз мурунку китепкананы саттык. 2008-жылы 13-мартта мурунку мэр Арзымат Сулайманкуловдун кайрылуусу менен Токмок шаардык кеңеши маданий имараттардын тизмесинен бул китепкананы чыгарган. Ошол эле токтом менен менчиктештирүүгө кете турган тизменин катарында аныктап жатат. Ошол тизменин ичинде «мурунку китепкана» деп турат.  Шаардык кеңештин ошол токтому чыккандан кийин жарым жыл өткөн соң, мен мэр болуп барып жатам. Демек, мен китепкананы эмес, мурунку китепкананы сатып жатам», — деп билдирди эл өкүлү «Азаттыкка» берген маегинде.

 

Ошондой эле, ал китепкана эч убакта тарыхый архитектуралык баалуулуктардын катарына кирген эместигин, мунун соттон да аныкталгандыгын, аталган имараттын жараксыз болгондугуна байланыштуу депутаттар ушундай чечим чыгаргандыгын кошумчалады.

 

Мындан сырткары, Канатбек Исаев Ширин Айтматованын иликтөөсүн «курулай ушак» деп баалап, Айтматованы сотко берип, андан айткандарын далилдеп берүүсүн талап кыла тургандыгын кошумчалады.

 

Эске салсак, «2007-2008-жылдары 100 жылдык тарыхы бар Токмок шаарындагы бирден бир архитектуралык имарат болгон китепкананы бузуп, сатып жиберген»,- деп Ширин Айтматова өзүнүн ютуб каналына чыгарган иликтөөсүндө Исаевге доо койгон болчу.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
2 комментария
  • Дастан
    Бул жерде Шириндин айткандары туура жана чындык Карапайым эл Ширин тарапта, Канат Исаевке окшогон шылуундардын, коррупционерлердин чыныгы жүзүн элге айтып, көрсөтүп, анан соттоп туруп мамлекеттин, элдин байлыгын булардан кайтарыш керек Боло турган парламенттик шайлоодо, кайсыл бир мурда соттолгон саясатчы болобу, жэ азыркы парламентте олтурушкан элиталар, коррупционерлер, сабатсыздар, чимкириктер, барандар түзгөн жана составына кирген партия, такыр карапайым элдин добушун албашы керек Мындай партиянын жанына да жолобош керек, булардан жиркениш керек, ошондуктан ар бир партиянын лидери списоктун сапатын жакшылап түзүшү зарыл Карапайым эл азыр алданбайт, кайсыл саясатчы кандай актанбасын кимдин-ким экенин билишет, атка-минерлерден жана депутаттардан акыл сурабай калышкан Элита өзүнүн жүрүш-турушунан, сүйлөгөнүнөн, жазгандарынан анан ушундай нерселерден кийин уялбагандарынан элге аябай таанымал болушту
  • Арслан
    Думаю , Ширин просто так не стала бы заявлять о рейдерском захвате библиотеки , видно по ролику , что она права Как то довелось быть в родовом селе этого депутата , был удивлен о негативном отзыве про него местных жителей , никакого уважения

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter