26-октябрда Кыргыз өкмөтү, Американын Бард колледжи жана USAID уюму менен өнөктөштүктө курулган инновациялык колледждин официалдуу түрдө ачылуу аземи болуп өттү. Учур талабына ылайык бардык шарттар менен камсызлдалган колледж учурда студенттерге билим берүү процессин баштаган кези. Иш чарага БААУнун эмгек жамааты, камкорчулар кеңешинин башчысынан сырткары Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси, билим берүү жана илим министри, АКШнын Кыргызстандагы элчиси, депутат Аида Касымалиева катышты. Алгач коноктор колледж менен таанышып, куруу тарыхы тууралуу маалыматтарды алышты. Андан соң жалпы жамаатка каалоо тилектер менен бирге белектерин беришти.

 

Имарат 1973-жылы Агрардык университеттинди ашканасы катары курулуп, кийин кароосуз калган. 2019-жылы USAID бөлгөн гранттын алкагында ремонттолгон. Бүгүн бул жайда жаңы техникалар менен камсыздалган заманбап аудиториялар, мугалимдер жана студенттер үчун атайын эс алуу жайлары, жыйын залы, медициналык пункт бар.Белгилей кетчү нерсе колледж мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын дагы ыңгайын эске алып, атайын пандус, лифттерди орнотушкан.

 

Иш чара Бишкектеги мейманканалардын биринде уланып, жаңыдан гана окуу жайга тапшырган студенттерди куттуктоо аземи менен коштолду.

 

БААУнун вице-президенти, инновациялык колледжди түзүү демилгесин көтөргөн Чынгыз Шамшиев журналисттерге окуу жайдын максаттары жана башка билим берүү системаларынан эмне менен айырмаланарын айтып берди.

 

"Бул Борбор Азиядагы уникалдуу проект, аналогдору жок. Башкы максаты - компютердик технологияларга, сынчыл ой жүгүртүүгө, маалыматтар менен иштөө көндүмдөрүнө басым жасап, эффективдүү чечим чыгарууга үйрөтүү. Ишмердүүлүктүн кайсы гана тармагы болбосун, негизги багыттардын бири мына ушулар. Адамдарды компьютерден айырмалап турат",деди ал.

 

Окуу жайда инновациялык колледждин студенттеринен сырткары кошумча программалар боюнча билим берүү жүрүп, магистранттар кечкисин окушат.

2019-2020 -жылдардагы алгачкы тапшырган студенттердин саны 203кө жеткен. Алар дүйнөнүн 9 мамлекетинен: Германия, Казакстан, Орусия, АКШ, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Франция жана Кыргызстан.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter