1 ноября 2019, 10:19

Орусияда дайынсыз жоголгон Кыргыз жаранынын жансыз денеси өлүкканалардын биринде табылды

 

Орусияда дайынсыз жоголгон Кыргыз жаранынын жансыз денеси өлүкканалардын биринде табылды

 

 

Орусияда Кыргыз жараны 18-октябрда жумушка кеткен боюнча дайынсыз жоголуп, изделип жаткан. Анын жансыз денеси Москва шаарындагы өлүкканалардын биринде табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын тургуну кайрылып, 18-октябрдан бери 30 жаштагы Х.А. аттуу бир тууган агасы дайынсыз жоголуп жатканын айткан. Тергөөнүн жүрүшүндө изделип жаткан жаран Орусияга 2012-жылы келгени аныкталган.

 

"Кызматкерлер дайынсыз жоголгон Кыргыз жаранын издеп, өлүкканаларды да текшерүүгө алышкан. Анда 19-октябрь күнү Москва шаарынын Серпухов көчөсүндө жол кырсыгы болуп, анда изделип жаткан жаран жабыркаган. Ал ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам каза болгон. Маркум андан соң өлүкканалардын бирине жеткирилген. Маркумду тууганы дене түзүлүшүнөн жана меңинен тааныган. Учурда анын сөөгүн Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүү боюнча иштер аткарылууда", - деп жазылат маалыматта.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter