Аскер бөлүктө кыргы салган Шамсутдиновду кантип кордошкон? (Видео)

 

Аскер бөлүктө кыргы салган Шамсутдиновду кантип кордошкон? (Видео)

 

 

Орусиянын Коргоо министрлиги тарабынан Забайкальеде ушул айдын 25-октябрында Шамсутдинов аттуу жоокер өзүнүн кызматташтарын жана эки офицерди атып өлтүргөн окуя боюнча түзүлгөн комиссия ал жоокердин аскер бөлүктөгү бир офицер менен жекече чатагы болгон деген жыйынтык чыгарды. Бул тууралуу орустардын айрым маалымат агенттиктери жазып чыгышты. Бирок, комиссиянын документтери расмий жарыялана элек.

 

Буга чейин ошол эле Коргоо министрлиги анын мындай кадамга барышы жоокердин нерв системаларына байланыштуу деген версияны айтышкан. Бирок,

Шамсутдиновдун туугандары, тааныштары жана анын мурунку кызматташтары бул версияга ишенишпей тургандыктарын бир ооздон билдиришкен.

 

Алардын айтым-божомолдорунда бул окуя ошол аскер бөлүгүндөгү “дедовщинанын” кесепетинен улам жүз берген.

 

Буга министрлик да, ал тараптан түзүлгөн комиссия да азырынча макул эмес. Комиссиянын жарыялана элек корутундусунда Шамсутдиновго карата эч кандай күч колдонулбаганы, психикалык гана күч келгени жана командирлердин алсыз көзөмөлдөрү гана көрсөтүлгөнүн агенттиктер жазышууда.

 

Дал ушул учурда, тагыраагы, бул маалыматтар жазылганынан бир күн өтпөй, бүгүн, 31-октябрда соцтармактарда жана ютуб каналында Шамсутдиновду офицерлер (балким офицерлер шыкаган жоокерлер) чектен ашып кордоп жаткан видео тарады.

 

Анда аны жыпжылаңач чечиндирип алышып, даараткананын унитазына башын салдырып, уруп-тээп, андан соң эки колун байлашып, көмкөрөсүнөн жаткан абалда үстүнө заара кылышып жатышканын көрүүгө болот. Жондору алган жаракаттарынан улам бүт кан.

 

Дал ушул версияны кечээ, 30-октябрда Забайкальедеги Жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы Валентина Мордова айтып чыккан болчу.

 

Шамсутдиновдун видеодогу чачы менен колго түшкөн убактагы чачынын өсүү айырмасын салыштырсак, бул кордоо кандуу окуя жүз берээрден 10-15 күн мурун болгону байкалат.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
9 комментариев
  • Алай
    Ушундай унижениядан кийин озу учун туруп кырып салганы туура эле болуптур. Кыйноо салгандар деле адам касиетинен кеткен малдар экен. Азаматсын Шамсутдинов туптуура кылгансын.
  • Айдана
    поступил по мужски!!!💪
  • Читатель
    Довели парня до такого состояния, что вынужденно устроил самосуд! После таких издевательств и унижений, он поступил по-мужски, постоял за себя, отомстил по полной, чтобы другим было неповадно в дальнейшем издеваться толпой над одним человеком как шакалы
  • Кыргыз
    Шамсутдинов мусулман баласы окшойт Чектен чыккан каапырларды туура эле кылыптыр атып салып
  • Хан
    Аз срок берсе болду
  • Закон
    Туура кылыптыр Жигит экен Азамат
  • Жан
    Туура кылыптыр
  • Anonim
    Правильно сделал
  • кыр
    оч
    алыптыр

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter