2 ноября 2019, 13:38

Сот Конор Макгрегорго улгайган адамга кол көтөргөнү үчүн өкүм чыгарды

Сот Конор Макгрегорго улгайган адамга кол көтөргөнү үчүн өкүм чыгарды

 

 

Сот отуруму жума күнү Дублинде болгон. Макгрегор күнөөсүн моюнуна алып, жабыркаган кишиден жана соттон кечирим сураган.

 

Дублиндин аймактык соту ирландиялык мушкер, UFC уюмунун мурдагы чемпиону Конор Макгрегорду барда отурган кары адамга кол көтөргөнү үчүн миң еврого айыпка жыкканын Irish Mirror басылмасы жазды.

 

Ушул жылдын 6-апрелинде болгон окуя коомчулукка жакында эле билинген. Интернетке тараган видеого караганда, Макгрегор барда отургандарды өзүнүн бренди менен чыккан вискиден куюп сыйлаган. Бирок ал жактагы улгайган адам ичимдик ичүүдөн баш тарткан. Мындан улам мушкер аны бир муштаган.

 

Жума күнү Дублинде сот отуруму болуп, Макгрегор күнөөсүн мойнуна алган.

 

"Туура эмес кылыптырмын, жабырлануучу менен соттон кечирим сурайм.

Мындай окуялардын кайталанышына жол бербейм", — деген мушкер.

Басылманын жазышынча, соттон кийин Конордун жактоочусу спортчу жабыркаган кишиге компенсация төлөп бергенин айткан. Бирок суммасын ачыктаган эмес.

 

Макгрегор соңку беттешин 2018-жылы 6-октябрда АКШда UFC 229 турниринин алкагында өткөрүп, россиялык Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган.

 

Конор эки салмак категориясында UFC уюмунун мурдагы чемпиону. Наамын убагында коргобой койгону үчүн чемпиондугунан ажыраган.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter